Айыл аймагы

 Айыл аймагы тууралуу жалпы маалымат

Сары-Булак айыл аймагы(АА)- Кочкор районунун территориясынын түштүк чыгыш бөлүгүндө  жайгашып, чыгышында Нарын облусун, Нарын районуна караштуу Лахол айылы, түштүк тарабы Долон бели менен, батыш тарабы Жумгал районуна караштуу Кара-Кече тоо кыркалары менен, түндүк тарабы Кочкор айыл аймагы менен чектешип, деңиз деңгээлинин 2 600м бийиктикте жайгашкан. Климаты кескин континенталдуу.

Республиканын борборунан алыстыгы – 240км.

Облустун борборунан- 80км.

Райондун борборунан алыстыгы – 40км

Жакынкы темир жолго чейинки аралык -100 км

Бишкек –Нарын-Торугарт жолуна чейин -0,5км

Жакынкы аэропортко чейинки аралык –  90 км

Айыл аймагы үч айылдан турат: Ак-Кыя, Сары-Булак, Төлөк айылдары.

Жалпы аянты 65467,6 га

Жаратылыш шарттары:

Климаты кескин континенттик,тоолу аймак,жайы салкын ,кышы узак.Кыштын узактыгы 5-6 айга созулуп, температура-20-25 гадуска чейин суук, жайкы мезгилде температура +25-+30 градус С чейин ысык болуп турат. Кышында кар коп жаабайт.Жайкысын кургакчыл келет. Мамлекеттик чек арага алысыраак жайгашкан тоолу аймак.

 Айыл өкмөтүнүн башчысынын аты жөнү:        Асанбай уулу Мирбек

 

Мамлекеттик сыйлыктары:         

КОЧКОР РАЙОНУНУН САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ПАСПОРТУ

               

Сары-Булак айыл

өкмөтүнүн башчысы:                                                                                Асанбай уулу Мирбек

                       

 Статистикалык маалымат

Түтүн саны:  Ак-Кыя айылы –  120 түтүн;

Сары-Булак айылы – 50 түтүн;

Төлөк айылы – 313 түтүн;

Жалпы: 483 түтүн.

Калкынын саны:  Ак-Кыя айылы – 820 адам;

Сары-Булак айылы – 250 адам;

Төлөк айылы – 1574 адам;

Жалпы: 2644 адам.

 

Comments are closed.